Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Тунистеги терактты уюштурууга шектүүлөр кармалды


Деңиз жээгиндеги мейманкананын жанындагы 38 адамдын өмүрүн алган терактты уюштурууга шектүүлөр кармалганын Тунистин бийликтери кабарлады. Ички иштер министри Наджем Гхарсалли муну журналисттерге курган маегинде кыскача гана тастыктап, бирок кармалгандардын санын ачыктаган жок. Алдын ала тергөө көрсөткөндөй, колго түшкөндөр коңшу Ливияда согуштук даярдыктан өтүп келишкен.

26-июнда Сусс шаарындагы деңиз жээгиндеги мейманкананын жанында белгисиз кишилер элге ок ачкан. Андан 39 адам мерт кетип, 36 киши жараат алган. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мерт болгондор арасында Тунистин, Британиянын, Германиянын жана Бельгиянын жарандары бар экенин кабарлаган.

Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG