Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:28

Сочидеги селдин чыгымы 760 млн. рубль деп бааланды


Сочи шаарынын бийликтери кабарлагандай, 25-июнда суу каптаган эки миңден ашык турак жайдын миңге жакыны жараксыз абалга келген. Мындан сырткары муниципалдык менчиктеги 100гө жакын имарат да бузулган. Жыйынтыгында зыян 760 млн. рубль деп эсептелди.

Өткөн бейшембидеги суу ташкын кеминде бир адамдын өмүрүн алды.

Адистер кабарлагандай, Сочиде бир күндүн ичинде үч айлык норма жамгыр жаады. Дарыялардан ташыган суунун бийиктиги бир жарым, көчөлөрдөгү суунун бийиктиги 60 сантиметрге чейин жеткен. Кооптуу абалдан улам эки миңдей адам шаардын аба майданына жеткирилип, шаарда чукул кырдаал жарыяланган. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG