Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Сот журналист Орунбековду айыппул төлөөгө милдеттендирди


Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту журналист Дайырбек Орунбековдун ишин карап, президенттин пайдасына 2 миллион сом өндүрүлсүн деген чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” журналисттин адвокаты Мукаш Байгелдиев кабарлады.

Сот отуруму 29-июнда болду, бирок Орунбеков жана анын жактоочусу жыйынга катышпаганын билдиришти. Алар бул чечимге нааразы болуп, эми жогорку инстанцияларга кайрылмакчы.

Башкы прокуратура журналист 2010-жылкы июнь каргашасынын келип чыгышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди жана ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн башка өкүлдөрүн күнөөлөп макала жазганы үчүн сотко кайрылган. (SE)

XS
SM
MD
LG