Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Парламент Кумтөрдөгү жумушту үзгүлтүксүз улантуу боюнча токтом чыгарды


Депутаттар өкмөткө Кумтөр кенинде өндүрүштү үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылууну милдеттендирген токтом кабыл алышты. Дүйшөмбү күнү парламент премьер-министр Темир Сариевдин катышуусунда аталган кенге байланыштуу маселени караганын өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Жаңы токтомго ылайык, өкмөт кендеги өндүрүштү, жер казынасын, айлана-чөйрөнү, коопсуздукту жана инфраструктураны сактоону камсыз кылышы зарыл.

Муну менен катар быйыл март айында “Центерра Голд Инк.” компаниясы жарыялаган Кумтөр кениндеги эксплуатация планында көрсөтүлгөн алтындын запасын тактоо жана жабыр келтирилген бөлүгүндө алдын ала экспертиза жүргүзүү да тапшырылды. (SE)

XS
SM
MD
LG