Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Статком: Бишкек шаары Кыргызстанда кылмыш эң көп катталган калаа


Борбордук аянттын жанындагы имарат. Бишкек.
Борбордук аянттын жанындагы имарат. Бишкек.

Улуттук статистика комитети Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып билдиргендей, баш калаада жыл башынан бери 3900дөн ашуун кылмыш катталды. Бул сан өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 700гө көп.

Кылмыштуулуктун өсүшү боюнча экинчи тепкичте Чүй облусу турат. Андан кийинки орунду Жалал-Абад облусу ээлейт.

Ал эми жалпы өлкө боюнча жыл башынан бери 12 миңден ашуун кылмыш иши катталып, көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 13% жогорулаган.

Катталган мыйзам бузуулардын теңинен көбү уурулукка байланыштуу. Ал эми өтө оор кылмыштар жалпы сандын эки пайызга жакынын түзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG