Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

«Ата Мекен» Клара Сооронкулованы колдоп чыкты


Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы Конституциялык палатанын соттор коллегиясынын мүчөсү Клара Сооронкулованы кызматтан алууга негиздер жетишсиз деген билдирүү таратты.

Маалым болгондой фракция иштин чоо-жайы менен тыкыр таанышып, коомдук пикирди дагы эске алды. Ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын өлкөдөгү сот системасы көз карандысыздыкка жете элек деген билдирүүсүнөн улам, Президенттин жана Соттор кеңешинин сунушун четке кагууну чечти. Партиянын маалымат кызматы билдиргендей, чечимди кабыл алуу мындан ары соттордун ишин жана оюн ачык билдирүүгө бөгөт коюп, бийликке көз каранды кылат.

Клара Сооронкулова “Жарандарды биометрикалык каттоо” Конституциялык мыйзамына өз оюн ачык билдиргени үчүн этикалык нормаларды бузду деген негизде Соттор кеңеши аны мөөнөтүнөн мурда иштен алуу чечимин чыгарган. (SJu)

XS
SM
MD
LG