Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:55

Депутат Жээнбеков спикердин аракети боюнча Башкы прокуратурага кайрылат


Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков парламент спикери Асылбек Жээнбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана көз боёмочулук беренелери менен иш козголушу керек деп эсептейт. Бүгүн ал Башкы прокуратурага кайрылуу жолдойт.

Депутаттын айтымында, спикер Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан алуу маселесин эки ирет добушка коюу менен мыйзам бузду.

Бул маселе бүгүн дагы добушка коюлганы жатат.

Кечээ 29-июнда Клара Соорокулова “Азаттыкка” аны кызматтан алуу маселеси эки ирет добушка коюлуп, бирок анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, добуш берүү кайрадан бүгүнкүгө 30-июнга калтырылганын билдирген.

Клара Сооронкулова жарандардан биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз деген пикирин айтканы үчүн парламенттин сунушунун негизинде Соттор кеңеши аны 18-июнда мөөнөтүнөн мурда иштен алган болчу (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG