Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

"Вечерний Бишкек" Эркин Мамбеталиевден сураган кечиримин кайрадан чакыртып алды


Бул туурасында “Азаттыкка” “Вечерний Бишкек” медиа-холдингинин алдындагы “Жаңы агым” гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаева билдирди.

Анын айтымында, буга чейин соттошуп жаткан тараптардын жактоочуларынын ортосунда тынчтык келишимине жетишүү туурасында сөз болгон. Ага жетишүү үчүн эки тарап тең тынчтыкка карай кадам жасашы керек болгон. Мунун алкагында “Вечерний Бишкек” басылмасы Эркин Мамбеталиевден кечирим сурап, анын текстин өз сайтына жайгаштырган. Сакыбаеванын билдиришинче, Эркин Мамбеталиевден дагы мындай кадам жасалбагандыктан, “Вечерний Бишкек” кечиримин артка чакыртып алып, тараптар кайрадан соттошо баштады. Бүгүн 30-июнда сот отуруму болуп Эркин Мамбеталиевдин жактоочусу доогер талап кылган 50 миллион сомду өндүрүү максатында “Вечерний Бишкек” басылмасынын айрым банктык эсептерин жана унааларын камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. “Вечерний Бишкек” басылмасы соттун бул чечимне макул болбой, Шаардык сотко арызданганы жатат. Мындан улам сот жараяны белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

"Вечерний Бишкектин" мурунку негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкин сотко кайрылып, акциялардагы өз үлүшүн талап кылган. Рябушкиндин арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган.

Мындан соң басылма президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, аны рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканын, артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Президенттик аппараттын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн экенин билдирген.

Эркин Мамбеталиев “Вечерний Бишкек” басылмасын сотко берип, кадыр-баркыма шек келтирди деп 50 миллион сом талап кылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG