Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

ИМ хусит лидерлерине каршы чабуул уюштурганын тастыктады


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 29-июнда жасалган чабуулду алар уюштурганын жарыя кылды. Санаа шаарындагы тажия кездеги жардыруудан 28 адам, анын ичинде 8 аял набыт болгон.

Чабуулдун максаты йемендик шииттердин хусит көтөрүлүшчүлөрдүн лидерлери, ага-инилер Файсал жана Хамид Йахени жок кылуу болгон.

“Ислам мамлекети” тобу өз сайтында чабуулду Санаадагы “шииттердин уясын” жок кылуу максатында уюштурганын кабарлады. Суниттердин жихадчыл уюму шииттерди “динсиздер” деп эсептейт жана аларга дембе-дем кол салып турат. 26-июнда саудиялык жанкечти Кувейттеги мечитте өзүн-өзү жардырганда 26 динзар өлүп, 227 намазгөй жараат алган.

XS
SM
MD
LG