Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү 30-июнда бүтпөйт


Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү 30-июндан кийин да улантылат, бирок корутунду сүйлөшүүнүн жаңы датасы аныкталууга тийиш. Бул жөнүндө Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус 29-июнда Нью-Йоркто жарыялады. Анын айтымында, “Эгер келишим түзүлсө, санкция алынып салынат; эгер келишим аткарылбаса санкция автоматтык түрдө кайра колдонула баштайт”.

Бирок АКШ Мамкатчысы Жон Керри Иран менен келишим түзүлөт деп айтууга али "өтө эле эрте" экенин эскертти.

АКШ, Британия, Германия, Франция, Орусия, Кытай, Германия жана Ирандын тышкы иштер министрлери 30-июнда Венада чогулуп, Тегерандын ядролук программасы боюнча талкууну улантышканы жатат.

XS
SM
MD
LG