Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Индонезияда аскердик учак кыйроого учурады


"Геркулес 130" аскердик транспорттук учагы кыйраган жайда. 30-июнь 2015

"Геркулес 130" аскердик транспорттук учагы кыйраган жайда. 30-июнь 2015

Суматра аралындагы Медан шаарына аскердик транспорттук учак кулап түштү. "Геркулес C-130" учагы бир нече турак үйдүн үстүнө түшүп, өрттөнүп кеткен.

Индонезиянын аба күчтөрүнүн команда Агус Суприантанын айтымында, ал учактагы 113 адамдан кимдир бирөө аман калганына ишенбейт. 50 чакты адамдын денеси госпиталга жеткирилгени кабарланды. 1964-жылы курулган учак аскерлерди жана алардын үй-бүлөсүн ташып бараткан. Суприантанын сөзүнө караганда, учак абага көтөрүлөр замат пилот техникалык себептерге шылтап, авиабазага кайтууга уруксат сураган.

2005-жылы да “Боинг 737” учагы Медан аэропортунан абага көтөрүлгөндөн көп узабай элдүү районго кулап түшүп, 143 адам курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG