Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга тарады


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Бүгүндөн тарта Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жайкы эс алууга тарады. 1-сентябрга чейин эл өкүлдөрү эмгек өргүүсүндө болот. Бул аралыкта шайлоочулар менен жолугушуулар да өткөрүлөрүн парламенттин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Депутаттар айрым талаш жараткан мыйзамдарды күзүндө талкуулап, добуш берүүгө алып чыгуу чечимин кабыл алышкан. Арасында “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзам долбоору да бар.

Азыркы Жогорку Кеңештин курамы 2010-жылы шайланган. Быйыл алардын депутаттык мөөнөтү аяктайт.

Бүгүн спикер Асылбек Жээнбеков беш жыл аралыгындагы парламенттин ишмердиги тууралуу журналисттерге маалымат жыйын өткөрөт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG