Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Аксыда “хизбутчу” деп шектелген жаран сурак берүүдө


Аксы районунун Таштак айылынын тургунунун үйүнөн “Хизб ут-Тахрир” уюмуна таандык китептер, баракчалар жана журнал табылганы үчүн кылмыш иши козголуп, үй ээси сурак берүүдө.

Тыюу салынган уюмга таандык адабий каражаттар ИИМдин 10-башкармалыгы менен райондук милициянын бирге жүргүзгөн “Экстремист” операциясынын алкагында табылган.

Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында «Хизб ут-Тахрирдин» көз карашын колдогон 520дан ашык жаран каттоодо турат. Көпчүлүгү Сузак районунун тургундары. (RsK)

XS
SM
MD
LG