Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Кыргызстанда тамеки тарткандардын саны өстү


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда эркектердин 35,5%, аялдардын 3,3%, өспүрүм балдардын 6,8 жана кыздардын 2,8 пайызы тамеки тартат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, өлкөдө калктын өлүмүнүн себептеринин 50 пайызы кан айлануу ооруларына байланыштуу. Буга таасир этүүчү негизи фактор катары тамеки тартуу адаты саналат.

Министрликке караштуу Ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбор журналисттер арасында “Кыргызстанда тамекисиз жашоо” аттуу сынак жарыялады. Ал чылым чегүүгө каршы мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Иш-чара тамекинин зыяны тууралуу коомчулукка маалымат жеткирүү максатын көздөйт. (AzK)

XS
SM
MD
LG