Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Малина талаасы талашка түштү


Талашка түшкөн талаа
Талашка түшкөн талаа

Сокулуктун Кызыл-Туу айылында Британиядан келген ишкер айым менен кыргызстандыктар жер талашууда. Александра Карпентер кылмышкердин колунан аз жерден ажал таба жаздаганын айтып, өлкөдөгү инвесторлорго болгон мамилеге нааразы.

Жай саратан. Чак түштө көпчүлүк көлөкөдөн чыкпайт. Ал эми малина тергендер чакан челегин кармап, шляпаны баса кийип, иш үстүндө экен. Бышкан малинаны улам терип турбаса, эмгек талаага кетет.

Нурийла жумушчуларга көз салып турат. Төрт гектарды 20 киши иштетет. Жарым айдан кийин сезон башталат. Бышкан малина жамырап, көбөйөт. Анда жумушчулардын санын 50-60ка жеткирүүгө туура келет.

- Кандай деген эмгек жумшайбыз! Башынан кам көрүп, шамалга жыгылып кетпеш үчүн зым-жиптерди тартып байлайбыз. Биз ушул эле тегеректен болобуз. Ал эми алыстан келип иштеп, бала-бакырасын багып, насыясын төлөгөндөр бар. Күнүнө ар бир жумушчуга 600 сомдон төлөнөт.

Тонналаган малина Бишкек базарларына, же Казакстанга экспорттолот. Эмгегине жараша түшүмү, кирешеси да жакшы. Бирок акыркы убакта өндүрүш анча-мынча үзгүлтүккө учурап атат. Ага жердин талашка түшкөнү себеп болду.

Александра Карпентер
Александра Карпентер

"Ишти баштаганда бул кароосуз жер болчу. Тээ тиги жерде эки уй жөн салды оттоп жүргөн", – деп сөзүн баштады британиялык Александра Карпентер. Ал өзүн бул плантациянын ээсимин деп тааныштырды. Айтымында, беш жыл илгери бул жерди сатып алган.

Чет өлкөлүк болгондуктан аны кыргызстандык Маргарита Новикова аттуу айымга каттатканын, бирок жер ээсинин ишенимдүү адамы экенин далилдеген документ албай калганын айтууда. Маргарита ошондон пайдаланып, юристтерди жалдап, жакындан бери жерди талашып жатканын айтат Александра:

- Ал юристтер мага келип, ачык эле коркутушту. "Үйүңө, мекениңе кетсең гана тынч коёбуз. Калсаң же түрмөгө отургузабыз, же депортация кылабыз. Же банкрот кылыш үчүн ар бир кадамыңа бут тособуз" дешти. Төрт жыл бул жерден пайда көргөн деле жокпуз. Жакшынакай плантация кылуу үчүн акча гана салып турдук. Бешинчи жылы, түшүмүн бере баштаганда ушинтип талашып чыгышты.

Маргарита аттуу айым менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал жалдаган юристтер карызды өндүрүүгө адистешкен атайын компаниянын өкүлдөрү. Алардын бири Абылкасым Базакечов Александра Карпентер жерди Маргаританын күйөөсү Майклдын акчасына сатып алганын жүйөгө тартты.

- Акчасы жок болгондуктан ал Майклды көндүрүп, "жер иштетем, акча бер" дейт. Майкл бай жигит экен. Бир эле стакан кофе ичсе беш миң доллар төлөп кете берген киши экен. Анан ал макул болуп, 80 миң бермек болот. Жалал-Абаддан аялы Маргарита Новикованы чакырат. Аялы үйүн саткан экен, анын 35 миңин кошуп, 115 миңге жерди алып берип, аны Новиковага каттатышат.

Бул арада Александрага белгисиз бирөөлөр кол салып, атып кетишкен. Аз жерден аман калды:

- Жардамчым Айбарчынды үйүнө таштайын деп машинем менен келгем. Экөөбүз машинеде сүйлөшүп отурганбыз. Дабыш чыкканынан улам бурула калганда, сырттан бирөө жарым метрдей аралыктан мени атып жиберди. Бир ок ууртуман кирип, тилимди жырып, тишимди талкалап, мойнумдан чыгып кетиптир, экинчиси далыма тийиптир.

Александранын жараты айыгып, азыр абалы канааттандырарлык. Бирок ал "Кыргызстандан кетпейм" деп көшөрүүдө. Алгач 2003-жылы келген. Малинадан мурда Жалал-Абадда жаңгак жыгачын кайра иштетүү менен алектенген. Ал өлкөдөгү инвесторлорго болгон мамилеге ичи муздап, нааразы болгону менен ушунча жыл ичинде жаратылышы кооз өлкө дээрлик мекенине, өзү менен чогуу иштешкендер тууганына айланганын кошумчалады.

Өзүнө кол салгандар жер талашкандар болушу мүмкүн деп күдүктөнөт. Ал эми Базакечов андай божомолду кескин четке какты. Милиция ок аткан кылмышкерди кармай элек.

Ал эми жер талаш боюнча сот жүрүүдө. Жыйынтыгы али чыга элек. “Азаттык” окуянын чоо-жайын дагы иликтемекчи.

XS
SM
MD
LG