Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды


Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 1-июлда түнкү саат бирден 44 мүнөт өткөндө болду. Анын очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында 5 балл болгон.

Жер титирөөнүн күчү Нура айылында 4 балл, Бор-Дөбө, Иркештамда 3,5 балл, Сары-Таш айылында 3 балл, Чоң-Караколдо, Кичи-Караколдо, Ак-Босогодо, Талды-Сууда 2,5 балл болуп сезилген. Алдын ала маалыматтарга караганда, жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар жок. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG