Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

“Чет элдик агент жөнүндө” мыйзам долбоору тыкыр талданат


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун айтымында, парламент бул мыйзам долбоорун кароону күзгүгө калтырды. Ал бул мыйзамды кабыл алуу менен активдүү жарандык секторго зыян келтирип албоо керектигин белгилейт. Бул үчүн парламент аны шашпай, салмактап, бардык тараптардын пикирин эске алуу менен карап чыгуу чечимине келген.

Жээнбеков Кыргызстан бир катар эл аралык документтерге кол койгонун белгилеп, мыйзам долбоорун кароодо бул жагдайларга да көңүл буруларын, Кыргызстан демократиялык өлкө бойдон калууну көздөөрүн билдирди.

Аталган мыйзам долбоорду депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова иштеп чыккан. Алар өз демилгесин мамлекеттин коопсуздугун жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу аракети менен түшүндүрүп келет.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү буга чейин мыйзам долбоордун биринчи окуудан жактырылганына тынчсызданып, муну жарандык коомго сокку катары баалап чыгышкан. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG