Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Греция насыя боюнча дефолтко кабылды


Нью-Йорк убактысы боюнча шейшемби күнү кечинде Греция Эл аралык валюта фондуна болгон карызынын кезектеги траншын төлөп бере алган жок. Муну менен өлкө дефолт абалына кептелди.

Афины Эл аралык валюта фондунун эсебине которуш керек болгон 1,55 млрд. евро эл аралык финансылык институттардын тарыхында карыз алган тараптар арасында эң көп төлөнбөй калган каражат болуп калды.

Бул окуя кандай кесепеттерге алып келээри толук белгисиз. АКШнын президенти Барак Обама Грециянын дефолт абалына кептелиши “грек өлкөсүн биротоло кыйратат дегенди түшүндүрбөй турганын" айтты.

Бүгүн Грециянын маселеси боюнча Европа борбордук банкынын башкаруучуларынын атайын жыйыны өтөт.

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас гректерди 5-июлдагы референдумда эл аралык кредиторлордун бюджеттик чыгымдарды үнөмдөө боюнча талабын четке кагууга чакырган. Европа лидерлери эгер Греция кредиторлордун талабына көнбөсө, анысы евромейкиндиктен чыгуу дегенди билдирет деп эскертишкен. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG