Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Митингге чыккан Ош базардын соодагерлерин милиция кармап кетти


Ак үй алдында митингге чыкмакчы болушкан соодагерлерди милиция кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызстан таза оппозициялык кыймылынын” төрагасы Назарбек Нышанов маалымдады. Анын айтымында, азыр 300гө чукул киши Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтчү кызматкери Рыскул Жумалиев 100гө чукул жаран пикетке чыкканы үчүн кармалып келгенин “Азаттыкка” билдирип, андан башка маалыматы жоктугун айтты.

Кечээ Ош базардын тегерегинде көчөдө соода кылган жарандар орундарынан куулуп жатканын айтып, Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышкан. Алар менен жолугушкан Ленин районунун акими Ош базардын тегерегин иретке келтирүү чаралары жүрүп жатканын билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG