Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Киев Крымга электр энергиясын берүү токтотуларын эскертти


Украина бийликтери Орусия тарабынан аннексияланган Крымга 1-июлдан баштап электр энергиясын бербей турганын кабарлады. Орусиянын Энергетика министрлиги маалымдагандай, аларга “Украинэнерго” ишканасынан 30-июнь күнү кечинде билдирүү келген.

Крымга электр энергиясын берүүнү токтотуу тууралуу билдирүү Украина, Орусия жана Еврокомиссиянын Венадага сүйлөшүүлөрүнөн кийин айтылды. Москва менен Киев андагы жолугушууда Украинага газ берүү боюнча бир пикирге келе алган эмес. Орусия Украинага көгүлтүр отундун 1000 куб метрине 40 доллардан жеңилдик берилерин айтса, Украина мурдагыдай эле 1000 куб метр газ үчүн 100 доллардан арзандатууну сураган. Шаршемби күнү “Навтогаз Украина” ишканасы Орусиядан газ сатып алуу токтотулганын жарыялады.

Декабрдын аягында Украина Крымга электр энергиясын берүүнү бир нече жолу үзгөн. Былтыр 26-декабрда жарым аралдын калктуу конуштарынын баары жарыксыз калган эле. Тараптардын ортосунда үзгүлтүксүз электр жеткирүү тууралуу келишим декабрда түзүлгөн боюнча турат. Ал келишим ар бир айда узартылып турушу керек. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG