Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Европага качып келгендердин саны 137 миң болду


Ушул жылдын биринчи жарымында Жер ортолук деңиз аркылуу Европага барган качкындардын саны 137 миңге жеткен. Бул өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 80 пайызга көп. Качкындардын үчтөн бир бөлүгүн сириялыктар түзөт, Ооганстан жана Эритреядан баргандар да арбын. Бул тууралуу БУУнун качкындар боюнча мекемесинин бүгүн жарыяланган докладында айтылды.

Документте Европа мигранттар боюнча кризиске кабылганы, өзгөчө Түштүк Европага көп качкын келип жатканы айтылат.

Айрыкча Грецияга келген качкындардын саны өскөн. Өткөн бир жыл аралыгында бул өлкөгө качып келгендер 48 миң болсо, быйыл жыл башынан бери эле бул өлкөгө келгендердин саны 68 миңге жеткен. Докладдын авторлору белгилегендей, грек мамлекетине келген качкындар сапарларын андан ары башка өлкөлөргө улантууда.

БУУнун качкындар боюнча мекемесинин жетекчиси Антонио Гуттерестин айтымында, деңиз аркылуу Европага келген качкындардын дээрлик көпчүлүгү – согуштан жана куугунтуктан коргонгусу келген адамдар. (ErN)

XS
SM
MD
LG