Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Милиция кармап кеткендердин айрымдары бошотулду


Кабарчыбыздын билдиришинче, ушул тапта Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып кеткен жарандардын ичинен ондой киши бошотулду. Алардын арасында орозо кармагандар, майыптар жана балдары барлар да бар. Чыккандар бөлүмдүн ичинде дагы 50дөй киши калганын айтып жатышат.

Буга чейин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтчү кызматкери Рыскул Жумалиев 100гө чукул жаран митингге чыкканы үчүн кармалып келгенин “Азаттыкка” билдирип, андан башка маалыматы жоктугун айткан болчу. Азырынча милиция окуянын чоо-жайы туурасында толук маалымат бере элек.

Кечээ Ош базардын тегерегинде көчөдө соода кылган жарандар орундарынан куулуп жатканын айтып, Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышкан. Алар менен жолугушкан Ленин районунун акими Ош базардын тегерегин иретке келтирүү чаралары жүрүп жатканын билдирген. Соодагерлер нааразылык акциясына бүгүн да чыкмакчы болушкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG