Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Террорчулардын чабуулунан Египетте 11 аскер мерт болду


Египеттин Синай жарым аралындагы Шейх Зувейд шаарындагы полиция участкасындагы жанкечтилердин жардырууларынан улам кеминде 11 полиция мерт болду. Айрым маалымат каражаттары каза болгон аскерлердин саны 30га жетиши мүмкүндүгүн кабарлашууда. Такталбаган кабарларга ылайык, дагы бир нече аскер кызматкери барымтага түшкөн.

Тероррчулар Синайдагы 5 өткөрмө пунктунда бирдей жардырууларды уюштурган. Египет бийликтери жардыруудан кийинки тараптардын атышуусунда 22 террорчу жок кылынганын кабарлоодо.

Мындан эки күн мурда эле Гелиополь шаарындагы жардыруудан улам Египеттин башкы прокурору Хишам Баракат каза болгон.

Түндүк Синай провинциясы Египеттеги эң чуулгандуу аймак болуп саналат. Бул өрөөндө "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери активдүү иш жүргүзүшөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG