Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:24

Алымбай Султановдун үч орун басары да иштен алынды


Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Алымбай Султанов менен кошо анын үч орун басары да кызматтан бошотулду.

Буга чейин аталган кызматтын жетекчиси Алымбай Султанов боюнча кызматкерлеринен өкмөткө арыз түшкөн. Премьер-министр Темир Сариев өзүнүн аппаратына Маңзатты көзөмөлдөө кызматындагы кырдаалды иликтөөнү тапшырган. Кырдаалды комиссия иликтеп чыккан соң анын жыйынтыгы менен Алымбай Султанов кызматтан алынды.

64 жаштагы Алымбай Султанов Маңзатты көзөмөлдөө кызматын 2012-жылдан бери жетектеп келген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG