Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Ереванда нааразылыкка чыккандар координациялык топ түзүштү


Электр энергиясынын кымбатташына байланыштуу Армениянын борборунда 10 күндөн бери уланып жаткан митингдин катышуучулары акцияны көзөмөлдөө үчүн жаңы топ түзүштү.

Техникалык, финансылык, экономикалык, юридикалык билими барлардын ичинен ондон киши тандалып алынып, демилгелүү топ түзүлдү. Бул топ акциянын ишин координациялоо менен өкмөткө конкреттүү сунуштарды берип турмакчы.

Электр энергиясынын кымбаттоосуна каршы Еревандын Эркиндик аянтында өтүп жаткан нааразылык акциясы кечээ жарым-жартылай токтогону айтылган. Бирок экинчи канаты акцияны талаптар орундалмайынча уланта берээрин билдирген. Алар мурда Баграмаян проспектисинде отурушса, 30-июндан баштап Эркиндик аянтына өтүштү.

Электр кубатына баанын 16% жогорулашына каршы Еревандагы акция 23-июндан бери күнү-түнү уланууда. Бийлик “Армениянын электр тармактары” компаниясынын бааны жогорулатуу себебин иликтөөгө макулдук берди. (ErN)

XS
SM
MD
LG