Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Күндүн катуу ысышы өзгөчө кырдаалды жаратышы мүмкүн


Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаевдин билдиришинче, 2-5-июль күндөрү Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын күндүзгү температурасы 41 градуска чейин көтөрүлөт.

Күн катуу ысыган маалда тоолуу аймактарда кар, мөңгүлөр ээрип, дарыяларда суу ташышы мүмкүн. Өтө ысыктан улам чөп куурап, өрт чыгуу коркунучу бар.

Итибаевдин айтымында, мындай ысык аба ырайы Кыргызстанда 1990-жылы катталып, анда да абанын күндүзгү температурасы 41 градуска чейин көтөрүлгөн. Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде да күн катуу ысыйт деп күтүлүүдө.

Медицина кызматкерлери бул күндөрү жүрөк кан тамыр оорулары, гепатит, кант диабети менен ооругандарды сыртка чыкпоого чакырат. Бул күндөрү суюктукту көбүрөөк ичүү керек. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG