Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Египетте теракт курмандыктарынын саны 30дан ашты


Синай жарым аралындагы террорчулардын чабуулунан мерт болгондордун саны отуздан ашканын, дагы 40тай адам жарадар болгонун Associated Press маалымат агенттиги Египеттин күч кызматтарына таянуу менен жарыялады. Басылма кабарлагандай, бир нече аскер кызматкери террорчулардын барымтасында кармалууда.

Бүгүн эртең менен Египеттин Синай провинциясындагы полициянын бир нече участкасын террорчулар жардырып жиберишкен. Чабуулга 70тей согушкер катышып, учурда алардын 23ү өлтүрүлгөнүн Египеттин коопсуздук органдары кабарлады.

Түндүк Синай провинциясындагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук кыймылы өзүнө алды. (ErN)

XS
SM
MD
LG