Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Жардам көрсөтүлбөй чарчап калды делген ымыркайдын окуясы иликтенүүдө


Бүгүн окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн Бишкектеги №2 төрөт үйүнө саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев барды. Ал дарыгерлердин негизги милдети адамга жардам көрсөтүп, акыркы мүнөткө чейин жашоо үчүн күрөшүү экенин белгилеп, төрөтканадагы окуяны өтө кооптуу факт деп атады. Окуяга байланыштуу Саламаттык сактоо департаментинде комиссия түзүлдү.

Буга чейин Бишкек шаарынын тургуну 25-июнда 2-төрөтканага аялын алып келип, ара төрөлгөн уулуна дарыгерлер жардам көрсөтпөгөндүктөн чарчап калганы тууралуу маалымат каражаттарына билдирген.

Анын айтымында, уулу 900 грамм болуп төрөлгөн жана дарыгерлер ошол замат бала чарчап калганын билдиришкен. Бирок ал уулун акыркы жолу көрүп алууга суранып кирген кезде үстүнө чүпүрөк жабылып жаткан ымыркай тирүү экени аныкталган. Андан кийин ымыркай дагы төрт саат жашап, чарчап калган. Ата-энеси баласына учурунда жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып, даттанууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG