Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Орусия Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча келишимди ратификациялады


Мамлекеттик Дума 1-июлда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө макулдук берген келишимди ратификациялады. Ратификациялоо жараянына Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов катышканын элчиликтен кабарлашты. Документке 437 депутат макулдугун берди.

Буга чейин келишимди Беларустун Улуттук кеңеши ратификациялаган. Эми парламенттин Жогорку палатасы кабыл алыш керек. Андан кийин гана Беларус президенти Александр Лукашенко кол коёт.

Июндун ортосунда Армениянын парламенти да Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу келишимин ратификациялаган.

Бул арада келишим Казакстандын Мажилисинде да каралып жатат.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу тууралуу келишимге май айынын башында кол коюлган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG