Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

“Экологиялык фотоаңчылык” сынагы башталды


Кыргызстандык фотографтар арасында өткөрүлө турган бул сынакка жаратылышты сактоого чакыруу, табият менен таттуу мамиледе болууга үгүттөө максатында тартылган сүрөттөр кабыл алынат. Аны “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду, “Ырыстан” туруктуу өнүгүү уюму жана фотожурналисттер бирикмеси бирге уюштурууда.

1-июлдан 25-сентябрга чейин улана турган сынактын максаты жарандар арасында экологиялык маданиятты калыптандыруу болуп эсептелет.

Жеңүүчүлөр октябрда аныкталып, баалуу сыйлыктар берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG