Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Бишкекте жарандыгы жоктордун маселеси каралат


БУУнун качкындар менен иштөө комиссиясы Кыргызстандагы жарандыгы жок кишилердин көйгөйлөрүнө жана аны чечүү жолдоруна арналган талкуу уюштурат. Жыйын бүгүн Бишкек мэриясында өтөрүн аталган уюмдан кабарлашты.Талкууга вице-мэр Айгүл Рыскулова менен Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү да катышат.

БУУнун качкындар менен иштөө комиссиясынын маалыматы боюнча 2015-жылдын июнь айына карата Кыргызстанда жарандыгы жок 7 579 адам аныкталган. Алардын тең жарымынын маселеси чечилүү алдында. (SE)

XS
SM
MD
LG