Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Порошенко Конституцияны өзгөртүүнү сунуштады


Украин президенти Петр Порошенко
Украин президенти Петр Порошенко

Украина президенти Петр Порошенко бийликтин укуктарын азайткан конституциянын долбоорун сунуштады. Жакын арада ал Жогорку Раданын кароосуна жиберилет. Анда облустарда президенттин бийлигин кыскартуу сунушу жазылган. Ошондой эле жергиликтүү бийликтерге салыктарды бөлүштүрүүнү тикелей көзөмөлдөө укугун берет. Бирок Луганск жана Донецк облустары сыяктуу жарым автономиялык аймактарда бийлик жүргүзүүгө уруксат жок.

Телевидение аркылуу кайрылуу жасаган Порошенко бул өзгөртүүлөр жергиликтүү бийликтер үчүн учурда президент жана өкмөт тарабынан көзөмөлдөнүп турган каржы булактарын көз карандысыз пайдаланууга жол ачарын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG