Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Зардалыга туристтер келе баштады


Зардалыдагы тоо жолу
Зардалыдагы тоо жолу

1999-жылдагы Баткен окуясынан бери быйыл алгач ирет Зардалы аймагына чет элдик туристтер келе баштады. Бул тууралуу “Batken travel” фирмасынын жетекчиси Жунусбек Каразаков “Азаттыкка” билдирди. Учурда ал жакта 16 чет өлкөлүк альпинист жүрөт, дээрлик баары орусиялыктар.

Зардалы шарты катаал тоолуу аймак болуп эсептелет. Он жыл мурун “Өзбекстан ислам кыймылы” уюмунун жоочулары бастырып кирген окуядан бери ал жакка туристтер келбей койгон эле.

Баткен облусу экстремалдык туризмге ыңгайлашкан аймак. Жыл сайын чет элден 300 чамалуу альпинист келет. Былтыр Орусиянын демилгеси менен КМШ мамлекеттеринин альпиниадасы Баткенде өткөн. Быйыл да ушул аймакта уюштуруу пландалууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG