Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Ош шаарынын мурдагы вице-мэри мыйзамсыз жер сатууга шектелүүдө


УКМКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Бостон” айыл чарба кооперативдеринин ассоциациясына таандык 4,7 гектар жерди мыйзамсыз саткан фактыны аныктады.

Маалыматка караганда, 2011-жылы Мелис Мырзакматов мэр болуп турган учурда вице-мэр “Бостон” айыл чарба кооперативдеринин ассоциациясынын ишенимине кирип, аларга кабар бербестен 4,7 гектар жерди сатып жиберген. Андан кийин вице-мэрдин уулу Кара-Суу райондук сотуна жерди сатуу жана сатып алуу келишимин мыйзамдаштырып берүү арызы менен кайрылат. Жыйынтыгында соттун чечими менен жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт катталган.

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнь күнү УКМКнын Башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү бул факт боюнча 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 166-берене (шылуунчулук) менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG