Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Баткен районунда сел жол менен каналдарды жарактан чыгарды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында 1-июлда саат 14:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Сел Кара-Булак айылындагы Кара-Булак каналынын 7-8 метр аралыгын таш, кум, шагылга толтуруп, суу каналдан ашып кеткен.

Мындан тышкары Кара-Таз, Бадамчы, Узун-Кол сайлары бириккен жердеги Кара-Булак айылына барчу 30 метр темир бетондон курулган каналды сел бузуп кетип, айылга сугат суу барбай калды.

Кара-Булак-Алмалы ички чарбалык жолунун 700 метр аралы бузулду. Сел “Алтын-Бешик” балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин аймагына кирип, андагы жыгач көпүрөнү агызып кеткен.

Кара-Булак дарыясына коюлган эки көпүрөнү суу жеп, унаа каттамына коркунуч жаралууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG