Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Бензин 7-15 пайызга кымбаттайт


Июлда күйүүчү май 7-15 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Буга өкмөттүн бензинге акциздик салыкты 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйткөнү себеп болууда. Мындан улам күйүүчү май 1 сом 50 тыйынга чейин кымбаттайт. Мындан тышкары доллардын курсунун өсүшү да жагдайга таасир этүүдө. Ушул тапта Бишкекте АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 38 сом. Эки апта мурда баа 36 сомдун тегерегинде болчу. (AzK\SJ)

XS
SM
MD
LG