Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

“Кара жыгач” паркындагы көлдө сууга түшүү сезонун ачуу үчүн “Жашылдандыруу” ишканасы даярдык иштерин бүтүрдү. Эми мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору сууну текшерип, жыйынтык чыгарган соң сезон толугу менен ачылат.

Көл жээктерине көп жылдардан бери биринчи жолу 2 миң тонна кум, көлдүн түбүндөгү балырларды жок кылуу үчүн 24 тонна техникалык туз алынды. Мындан тышкары сууну тазалоо үчүн 2 тонна хлор сатып алынды.

Сууга түшкөндөргө көз салып туруу үчүн “Жашылдандыруу” ишканасы, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Бишкектин куткаруу кызматы өз ара келишим түзүп, биргелешип иштешмей болушту. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG