Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Бишкекте жарансыздыкты жоюу иштери башталды


БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Калкты каттоо департаменти менен бирге шаардагы ар бир район, жаңы конуштарда мобилдик топторду түзүп, жарандыгы жана документи жок адамдарга юридикалык жардам берүү менен, документ алууга көмөктөшкөнү жатат.

Мындай иш-чара буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында өткөрүлгөн. Долбоордун алкагында 7 жарым миң адам каттоодон өтүп, үч миңден ашык адам жарандыкка тийиштүү документ алган.

Келаткан жылы мындай иш-чараны Нарын менен Ысык-Көл облустарында өткөрүү пландалууда. Иш-чара өлкө жарандарына саламаттыкты сактоо мекемелерине кайрылууга, жумушка орношууга жана шайлоого катышууга шарт түзүп берүү максатын көздөйт.

Кыргызстан боюнча 12 миң кишинин жарандыгы жок экени аныкталган. (AzK\AiJ)

XS
SM
MD
LG