Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Жалал-Абадда эс алуу багы өрттөндү


Жалал-Абаддагы эс алуу парк
Жалал-Абаддагы эс алуу парк

Шаардын Көрт-Арт кичи шаарчасында жайгашкан Жусупбек Бакиев атындагы парктан өрт чыгып, үч гектардан ашык жердеги 1300 түп көчөт жана кургак чөп өрттөнгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустагы өрткө каршы башкармалыгынын бөлүм башчысы Чынарбек Шекенов билдирди. Парк ичинде арча жана карагай, мөмө-жемиш бактары өсүп турган. Өрт кырсыгы этиятсыздыктан улам чыгып, аны өчүрүүгө төрт өрт өчүргүч унаа менен 16 кызматкер тартылган.

8,5 гектарды ээлеген аталган парк 2008-жылы уюшулуп, ага 2 миң арча көчөтү отургузулган болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG