Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

"Донецк элдик республикасында" шайлоо 18-октябрда өтөт


Украинанын президенти Петро Порошенко
Украинанын президенти Петро Порошенко

Өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган аймактын бийлиги жергиликтүү шайлоо 18-октябрда өтөрүн жарыялады.

Аймактын башчысы Александр Захарченко тараткан билдирүүдө бул күнү шаар жана район жетекчилери шайланары айтылган. “Жергиликтүү шайлоо күнүн белгилөө жана жергиликтүү башкаруунун өзгөчө режимин киргизүү Минск келишиминин алкагында өтүп жатат. Украинанын өкүлдөрү да бул чечимдерди кабыл алып жатканда талкууга катышкан жана шайлоо Украинанын мыйзамдарына ылайык өтөт”, - деп билдирди козголоңчулардын лидери.

Бир күн мурда Украинанын президенти Петро Порошенко Украинанын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду сунуштап жатып, анда “Донбасс үчүн эч кандай өзгөчө статус каралбаганын” айткан.

Украинанын чыгышындагы “бийликти борборлоштуруу” жана жергиликтүү шайлоо өткөрүү Минскте 2014-жылдын сентябрында макулдашылган келишимде каралган. Шайлоо 2014-жылдын декабрында өтмөк, бирок өздөрү өз алдынчалык жарыялап алган аймактын бийликтери добуш берүүнү ноябрь айынын башында өткөрүп салышкан. Расмий Киев шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG