Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Таласта Жерүйдү иштетпөө боюнча жыйын өттү


Жерүйдү иштетүүгө каршы акция
Жерүйдү иштетүүгө каршы акция

Талас районунун Бекмолдо айылында бүгүн жергиликтүү тургундардын жана облустун башка аймактарынан келгендердин катышуусунда Жерүй кенин иштетүүгө каршы жыйын болду. Аны “Талас эл ынтымагы” коому уюштурду. Демилгечилердин бири Төрөхан Жунусбековдун айтымында, жыйынга бир жарым миң киши чогулду. Арасында райондук бийликтин жана күч органдарынын өкүлдөрү да болду. Бирок Талас облустук ички иштер башкармалыгы 300гө чамалуу адам келгенин билдирүүдө.

Чогулгандар орозо айы ичи кенди иштетүүгө каршы акцияларды токтото туруу, 21-июнда облустук деңгээлде жыйын куруу чечимин кабыл алышты.

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун орусиялык "Востокгеолдобыча" ишканасы утуп алган. Жакында Кыргызстандын бюджетине талап кылынган 100 миллион долларды толугу бойдон которуп берген. (SE)

XS
SM
MD
LG