Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Ереван: полиция аянттагы активисттерге эскертүү берди


Баграмян проспектисинде учурда жүзгө чукул активист бар
Баграмян проспектисинде учурда жүзгө чукул активист бар

Армениянын баш калаасы Еревандын Баграмян проспектисиндеги электр энергиясына болгон баанын кымбатташына каршы чыккан жүздөй активистке шаар полициясы эскертүү берди.

Полициянын жетекчи орун басары Валерий Осипянындын айтымында, эгер акциянын катышуучулары проспекти бошотуп, башка жакка кетпесе “коомдук тартип күч менен орнотулат”.

“Тоноого жол жок!” кыймылынын өкүлдөрү нааразылык акциясы эми Армениянын башка аймактарында да уланаарын билдирди.

Кечээ Армениянын Башкы прокуратурасы Атайын иликтөө кызматынан 23-июндагы акциянын катышуучуларына полициянын күч колдонгондугунун мыйзамдуулугун текшерүүнү суранды.

Анда расмий маалыматтар боюнча 237 адам камалган. Алардын жетөө жаракат алып, үчөө ооруканага жаткырылган.

Бейшембиде акция учурунда демонстрацияны чагылдырып жаткан журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылынганы боюнча кылмыш иши козголду.

Электр кубатына баанын 16% жогорулашына каршы Еревандагы акция 19-июндан бери күнү-түнү уланып келди. Аянтка күн сайын жок эле дегенде 5-6 миңге чейин, кээде он миңден ашуун адам чогулуп жатты.

XS
SM
MD
LG