Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

АКШ - Куба мамилеси расмий түрдө 20-июлда жанданат


Куба президенти Раул Кастро менен АКШ президенти Барак Обама
Куба президенти Раул Кастро менен АКШ президенти Барак Обама

АКШ менен Куба ортосундагы дипломатиялык мамилелер 20-июлда расмий түрдө кайра жанданат. Муну шаршембиде эки өлкөнүн президенттери тастыкташты. Ортодогу мамилелер мындан 50 жыл илгери үзүлгөн.

АКШ президенти Барак Обама келечек өткөндүн барымтасында кала бербеши керек деп белгиледи. Президент Конгрессти Кубага каршы санкцияларды алып салууга үндөдү. Мамлекеттик катчы Жон Керри 20-июлга чейин Кубага бармакчы. Анын айтымында, айрым тоскоолдуктар кала бергени менен тараптар кызматташчу чөйрөлөр көп.

Жакында өткөрүлгөн сурамжылоолор америкалыктардын көбү арал менен мамилелерди оңдоону колдошоорун көргөзгөн.

XS
SM
MD
LG