Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Эл аралык “Мейкин Азия” музыка фестивалынын улуттук тандоо туру 9-июлда Бишкектеги филармонияда уюштурулат. Фестивалдын өзү 23-июлдан 25-июлга чейин Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” маданий борборунда өтөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. Бул ирет Кыргызстан, Орусия, Кытай, Түркия, Болгария, Бахрейн, Литва, Македония, Румыния жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин ырчылары күч сынашат.

Өнөр таймашы биринчи жолу 2013-жылы өткөрүлүп, 17 мамлекеттен таланттар катышкан. Баш байгени казакстандык жаш аткаруучу Димаш Кудайбергенов утуп алган.

“Мейкин-Азия” фестивалы эки жылда бир уюштурулат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG