Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Парламент омбудсмен шайлоо үчүн кезексиз сессияга чогулат


Жогорку Кеңештин депутаттары жакында кезексиз жыйынга чогулуп, акыйкатчы шайлашат. Учурда омбудсмен кызматына талапкерди каттоо жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Бактыбек Калмаматов билдирди:

- Акыйкатчы кызматынан бошотулган соң анын ордуна сөзсүз бир ай ичинде жаңы адам шайланышы керек. Ошондуктан депутаттар 25-июлга жакын сессия чакырып, шайлоо өткөрөбүз.

Аталган кызматка Жогорку Кеңештеги фракциялар үчтөн ашык эмес талапкер сунуштоого акылуу. Омбудсмен болгусу келген адам 30дан 65 жашка чейинки куракта, кыргыз жана орус тилдерин билген болушу шарт.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаевди “жылдык отчету канааттандырарлык эмес” деген негизде Жогорку Кеңеш өткөн айда мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG