Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Орусия Арменияга курал үчүн акча берет


Ереван аскерий күчтөрүн бекемдөө максатында Орусиядан 200 миллион доллар өлчөмүндө насыя алат. Армениянын коргоо министри Ара Назарян бул тууралуу парламенттин сессиясында билдирип, каражатка жаңы курал-жарак сатылып алынарын белгиледи. Депутаттар эки өлкө ортосундагы бул келишимди ратификациялады.

Насыя 13 жылдык мөөнөткө үч пайыздык үстөк менен берилет.

Армения Москванын Түштүк Кавказдагы негизги өнөктөшү болуп эсептелет. Буга чейин Орусия Азербайжанга курал-жарактан жардам бергени үчүн Ереван тынчсызданган болчу.

Армения менен Азербайжан тоолуу Карабактагы кырдаалдан улам бири бирине жоо караш менен жашап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG