Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Таш-Көмүрдө төрөткананы көчүрүү нааразылыктар менен коштолду


Шаардын аймагында жайгашкан 3 кабаттан турган төрөткананы жаап, аймактык оорукананын карамагына көчүрүүгө калаанын жашоочулары нааразы болушууда. Бул тууралуу шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Кадича Умбеталиева билдирди.

"Азыркы төрөт үйүндө бардык шарттар каралып, аны имараты менен бирге сактап калыш керек. Учурда шаар калкы азайганы менен, келечекти да ойлош керек", - деди Умбеталиева.

Таш-Көмүр шаардык аймактык оорукананын карамагындагы 3 кабаттан турган төрөт бөлүмү 1987-жылы 105 орундуу болуп курулуп, 1994-жылга чейин шаардык төрөт үйү деген ат менен толук кандуу иштеп турган. Кийинки жылдары орундар кыскартып отуруп, азыр 25 орун гана калган.

Башкы дарыгер Алмаз Мырзасапаров эне-баланын ден соолугуна кам көрүү максатында аны оорукананын карамагына өткөрүү тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын чечим кабыл алганын айтты. Шаардык төрөт бөлүмүндө өткөн жылы 783 бала төрөлсө, быйылкы жылдын 6 айында 335 ымыркай жарык дүйнөгө келген. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG