Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

Ысык-Көл: үлүш жерлердин салыгын көтөрүү каралууда


Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылына чейин, Тоң району толугу менен жана Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылына чейин үлүш жерлерди көп жылдык түшүм берүүчү айдоо аянттарга айлантуу маселеси карлууда.

Бул тууралуу облустук администрациянын аппарат жетекчиси Улан Малиев билдирди. Анын айтымында, аталган аймактарда дыйкандар 1-2 гектар жерге буудай, арпа айдап, түшүмдүүлүк төмөн болгондуктан, төлөнчү салыктын көлөмү да аз болууда. Андыктан үлүш жерлерге алма, өрүк сыяктуу көп жылдык түшүм берүүчү жер-жемиштерди айдоого уруксат берүү демилгеси көтөрүлгөнүн билдирди. Ага жараша үлүш жерлердин да салыгын көтөрүп, мамлекеттик казынага көбүрөөк киреше алып келүүгө болорун кошумчалады. Бул жараянга картошка, буудай, арпа түшүмдүүлүгү жогору Ак-Суу, Түп жана Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунун айрым аймактары кирбейт.(Asa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG