Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Украинада кыйраган малайзиялык учактын чатагы БУУнун деңгээлине чыкты


Нидерландиялык жана малайзиялык эксперттер MH17 авиалайнери кыйраган жайды иликтешүүдө. Донецк облусунун Грабово кыштагынын чети. 23-апрель 2015

Нидерландиялык жана малайзиялык эксперттер MH17 авиалайнери кыйраган жайды иликтешүүдө. Донецк облусунун Грабово кыштагынын чети. 23-апрель 2015

Малайзия былтыр Чыгыш Украинанын үстүндө кыйраган учагы боюнча ишти Улуттар Уюмунун эл аралык кылмыш трибуналы териштирүүсүнө жетишүүгө аракет кылат. Орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактын үстүндө атып түшүрүлгөн деп шектелген учакта бардыгы 298 адам болгон. Малайзиянын БУУдагы элчиси Рамлан бин Ибрагимдин 2-июнда айтышынча, берегидей сунушту кырсыкты иликтеген беш өлкөнүн адистери даярдаган. Анын долбоору эмки аптада БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнө берилип, келерки айда добуш берүүгө коюлушу мүмкүн.

Малайзиянын MH17 учагынын кыйроосуна жооптуулар боюнча Орусия жана Батыш өз ара келише албай, катуу араздашууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG