Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Орозодо берилчү битир баасы аныкталды


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы битир-садаканын өлчөмүн айтты.

Рамазан айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 40 сомдон эсептелди. Ошондой эле садака-битир буудайдан башка ун, жүзүм, арпа жана курманын салмагы менен да өлчөнөт. Алсак, жүзүм – 320 сом, ун – 52, арпа – 64 сом болсо, курманын битирге тиешелүү салмагы 480 сом деп эсептелген. Муфтияттын маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиргендей, мусулмандар жогоруда көрсөтүлгөн сумманын каалаганын тандаса болот, бирок муктаждарга көбүрөөк жардам берүү үчүн эң жогорку баа менен битир берүү каралган.

Белгилей кетсек, 17-июлда Рамазан айы соңуна чыгат, ал эми он төртүнө караган түнү Кадыр түн белгиленмекчи. (SJu)

XS
SM
MD
LG